Жанылыктар

ОшМУ менен Кадис университетинин кызматташтыгы артат

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков учурда Испаниянын Кадис университетинде иш сапары менен жүрөт.

Сапардын алкагында Кадис университети менен жеринде таанышып, жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, Кадис университети менен ОшМУнун биргелешкен испан борборун түзүү, испан адистигин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле Кадис университетинин билим берүү системасы, окуу базалары менен таанышып, ОшМУдан барып билим алып жаткан магистрант, студенттер менен жолугушуп, пикир алышууда.

Белгилей кетсек, ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен Erasmus+ программасы аркылуу кызматташып, ар жылы студенттер, магистранттар, окутуучулар билим, тажрыйба алып келишет. Быйылкы жылы Кадис университети кызматташтыкты кеңейтүү багытында ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго атайын чакыруу жөнөтүшкөн.

4574 14:08 25-04-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|