Стипендияга ээ болгон ОшМУнун аракетчил, мыкты, билимдүү студенттерин университеттин жамаатынын атынан ректор Каныбек Исаков куттуктап, окууларына ийгилик каалап, чыгармачылык изденүүлөрү арта берүүсүн каалады.
Белгилей кетсек, 24-март күнү Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун «Намыс» стипендиясынын жеңүүчүлөрүнө фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков диплом жана биринчи айдын стипендиясын тапшырган. «Намыс» стипендиясы фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун демилгеси менен өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуп жаткан жөндөмдүү жана аракетчил студенттердин интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциялдарын арттыруу жана алардын окуу ишмердигинин жакшырышына түрткү берүү максатында киргизилген. Быйылкы жылы аталган стипендияга өлкөнүн жети облусунан 35 мыкты студент тандалып алынып, аларга 9 ай бою 2000 сомдон стипендия берүү каралган.
Ошондой эле аталган сыйлыкка ОшМУда кышкы семестр ичи “Ош декларациясынын” академиялык мобилдүүлүк алкагында билим алып кеткен Талас мамлекеттик университетинин география адистигинин студенти Жекшенбеков Арслан да ээ болгондугун белгилеп, жалпы стипендия ээлерин ОшМУнун атынан куттуктайбыз.