Жанылыктар

Ишембидеги ишембилик

Өлкөбүз боюнча жарыяланган “Көрктөндүрүүнүн, жашылдандыруунун жана тазалыктын үч айлыгы” акциянын алкагында март айынан баштап ОшМУнун бардык имараттарында, окуу аудиторияларын, жатаканаларында, алардын айланасында, иш бөлмөлөрүн тазалап, иретке келтирүү үчүн жалпы университеттик ишембиликтер өткөрүлүүдө. Профсоюз комитети жыл сайын бул-иш чараларга колдоо көрсөтүп, таштандыларды чогултууга баштыктарды, мээлейлерди сатып алып берип, өзүнүн курамы менен жигердүү катышып келет. Тазалоо иштерине студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер тартылды. Ишембиликте окуу имараттарынын короо жайлары тазаланып, айрым жерлерде бак-дарактар жана түрдүү гүл көчөттөрү отургузулду. Жалпысынан 36 ак кайың, 9 карагай, 180 ден ашуун жаңгак отургузулуп, 1000 дей дарактар акталды. Мындан сырткары, ОшМУ шаардык жалпы ишембиликке активдүү катышып, Ак-Буура дарыясынын жээгинде 3 километрден ашуун аянтты жана Ош шаарынын бир катар көчөлөрүн тазалады.
1482 09:35 04-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|