Жанылыктар

Бүткүл дүйнөлук Конфуций институнун туулган күнү белгиленди

Ош Мамлекеттик Университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин жаны окуу имаратынын алдында "Бүткүл дүйнөлук Конфуций институнун туулган күнү" белгиленди. Иш чарага Ош Мамлекеттик Университетинин биринчи проректору, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Расул Абазбекович, тарбия иштери боюнча проректор Түмөнбай Колдошев, Кыргыз-Кытай факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Мирлан Манашов, Конфуций институнун КНР тараптан директору Лью Вейчиен катышты. Ош МУнун биринчи проректору Кыргыз-Кытай факультетинин эмгек жамаатын жана студенттерин «Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институнун туулган күнү» менен куттуктап дагы да жетишкендиктерди каалады. Иш чара Ош Мамлекеттик Университетинде 2013-жылдан белгиленип, жыл сайын жогорку денгээлде өткөрүлүп келет. Иш чарада Кытай маданияты студенттер тарабынан келген конокторго көрсөтүлүп, чай ичүү маданияты, шамдагайлыкка үндөгөн Ушу, музыкалык аспап Гу Жень, чоор Хулус, каллиграфия иероглиф жазуу, кагазга кыркуу (оймо салу), кытай даамдары тартууланды. Иш чара ортосунда студенттерге жана келген конокторго оюн уюштурулуп, оюн женүүчүлөрүнө белектер берилди. Маданий иш чара келген коноктордун купулуна толуп, кытай улуттук даамынан ооз тийишип, студенттердин өнөрлөрүн кызыгуу менен көрүштү.
4907 12:59 28-09-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|