Жанылыктар

Стоматология адистигинин бүтүрүүчүлөрүнө жана жаш илимпоз мугалимдерге арналган илимий-практикалык семинар уюштурулду.

Жаз майрамдарына удаалаш 2-3-май күндөрү «Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология» кафедрасынын базасында «Стоматология дүйнөсүндөгү жаңылыктар» -аттуу темада стоматология адистигинин бүтүрүүчүлөрү жана жаш илимпоз мугалимдер үчүн семинар өткөрүлдү.

Илимий- практикалык семинар ОшМУнун медицина факультети жана «Ош шаардык жалпы стоматологияны өнүктүрүү борбору» коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду. Семинарды өткөрүү үчүн Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы жеке стоматологиялык клиникалардын кожоюндары чакырылды. Кореялык врач-стоматологдор өздөрүнүн бай иш –тажрыйбаларына негизделген баяндамалары аркылуу семинарды эң жогорку деңгээлде өткөрүштү.

Кореялык конок лекторлор төмөндөгү темаларда баядамаларды жасашып өздөрүнүн иш -тажрыйбалары менен пикир алмашышты:

1. Жаң Вун Гон, DDS, Phd “Тиштердин жана жаактардын аномалдуу түзүлүшүн калыбына келтирүүнүн заманбап ыкмалары. Брекет –системанын түрлөрү.»

2. Оо Ын Соң , DDS “ Тиштердин имлплантациясы. Бир этап менен коюу ыкмасы”

3. Ли Вон Хо, “ Жалпы стоматологиялык жардамды уюштуруу”

Семинардын аягында медицина факультетинин деканы, доцент А.А.Исмаилов семинардын уюштуруучуларына жана келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, байыртадан тарыхы, эмгекчилдиги, айлана-чөйрөгө жана адамзатына болгон сүйүүсү менен айырмаланган, кулк-мүнөзү окшош эки элдин достугу мындан ары да чыңала беришине ишеними бекем экендигин белгилей кетти.

3472 11:07 03-05-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|