Жанылыктар

МИТ факультетинин профессор-окутуучулук курамынан «Сабаттуу бол» өнөктүгүнүн негизинде жат жазуу(диктант) алынды.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын №187-04 2019.02.05 буйругуна ылайык “Сабаттуу бол” өнөктүгүнүн негизинде Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин профессордук-окутуучулук курамынан, көмөкчү кызматкерлеринен жат жазуу алынды.

Жат жазууга факультеттин профессордук-окутуучулук курамы «Сабаттуу бол» деген темада жат жазуу(диктант) жазышты. Жат жазууга факультетибиздин деканы ф-м.и.к., доцент У. Сопуев, декандын окуу иштери боюнча орун басары А.Кудуев, кафедра башчылар: Программалоо кафедрасынын башчысы, профессор А. Сопуев, Информатика кафедрасынын башчысы, доцент Г. Ободоева, Алгебра жана геометрия кафедрасынынбашчысы, доцент Т. Папиева, Жогорку математика кафедрасынын башчысы, ф-м.и.к Д. Кедейбаева жана башка окуутуучулар катышышты.

1865 18:17 16-05-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|