Жанылыктар

“Полиглот” интеллектуалдуу оюну өткөрүлдү

27-апрелде дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин орто кесиптик билим берүү багытынын “Котормо иши” адистигиндеги студенттер Илим жумалыгынын алкагында “Полиглот” интеллектуалдуу оюнун өткөрүштү. Бул иш чаранын негизги максаты колледждин студенттеринин өз эне тилинде, официалдуу орус тилинде эркин сүйлөө менен бирге негизги үйрөнүп жаткан англис жана экинчи чет тили катары окуп жаткан немец, француз, испан тилдеринде да ар түрдүү тапшырмаларды аткаруу жана ой жүгүртүү деңгээлин көрсөтүү б.с. Таймашта 3 команда катышты: “Unbeaten”, “Dedos” жана “Friendship”. Командалар дүйнөдөгү англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдүн көрүнүктүү жерлери, географиялык жайланышы, саясий жана мамлекеттик түзүлүшү тууралуу кызыктуу тапшырмаларды аткарышты жана өздөрүнүн билим денгээлин сынашты. Жыйынтыгында “Unbeaten” командасы женишке ээ болушту жана 1-орунду ээлегендиги тууралуу Дипломго ээ болушту. Ошондой эле ар бир командадан активдүү катышуучулар: Карбеков Амантур, Талантбек к. Айдана, Содикжан к. Мухтасар да дипломдорду алышты.

2991 11:58 28-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|