Жанылыктар

Ачык сабак

Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучулары Тойчуева Гулмайрам жана Жунсалиева Дилара 2017-жылдын 24-ноябрында 1-2-параларда АКК-4-17 жана АРК-3-17 группаларына «When does a change become a habit?» жана “Weather” деген темаларда ачык сабак -өтүштү. Ачык сабакка кафедра башчысы доц. А.Акматова жана кафедранын окутуучулары катышышты. Окутуучулар студенттерди жекече, жуптарга жана топторго болуп иштетишип, алардын сабакка болгон кызыгуусун арттыра алышты. Сабактар интерактивдүү усул менен өтүлүп, окутуучулар тренинг семинарларга катышып өздөрүнүн профессионалдык денгээлин жогорулатып жүргөндүгүн көргөзө алышты. Сабактарда угуу, жазуу, сүйлөө, окуу ыкмалары камтылып, жаны технологиялар колдонулду.

Сабактын аягында кафедра башчысы жана кафедранын окутуучулары ачык сабак өткөн окутуучулардын жетишкен жактарын белгилешип, пайдалуу кеп кенештерин айтышты. Кафедранын окутуучулары, Г. Т. Тойчуева жана Д. А. Жунсалиеванын билим денгээли, ар кандай ыкмаларды колдоно алуучулугу жана студенттердин билүүгө далалаттангандыгы менен жогорку билим сапатына жетүүгө болот деген пикирин билдиришти жана сабактар жогорку денгээлде өткөндүгүн белгилеп кетишти.

2354 16:25 04-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|