Жанылыктар

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ «ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАГЫ БИЛИМ БЕРΥΥДϴГΥ ТУРУКТУУ ϴНΥГΥΥ»

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди «Жогорку окуу жайдагы билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү» аттуу биринчи эл аралык аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырабыз. Конференция 2017-жылдын 13-14-октябрь айында төмөнкү даректе болот: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 250.

Эл аралык конференция бүткүл дүйнөлүк практикадагы өнүгүүнүн үч компонентин бириктирген (экология, социалдык маселелер, экономика) көйгөйлөрдүн, аларды чечүү сунуштардын үстүнөн өтөт.

Туруктуу өнүгүүгө умтулуу, экономикалык өсүүнү адамдык байлыктардын призмасы аркылуу жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, жаратылышты колдонуунун жалпы маданиятын жогорулатуу жана жогорку окуу жайдагы билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү маселери талкууланат.

Конференциянын негизги багыттары:

1. Экономикадагы туруктуу өнүгүү :

- Жашоо сапаты

- Туруктуу туризм

- Шаарларды кеӊейтүү

- Экономикадагы туруктуу өнүгүү

- Айыл-чарбаны өнүктүрүү

2. Экологиядагы туруктуу өнүгүү :

- Айлана-чөйрөдөгү башкаруу

- Транспорттоо

- Энергия ресурстары жана аларды сактоо

- Калдыктарды утилизациялоо

- Суу менен жер кыртышын сактоо

3. Социалдык туруктуу өнүгүү:

- Маданий мурас

- Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү

- Эмгек миграциясы

- Гендердик көйгөйлөр

- Саламаттыкты сактоо

МАКАЛАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТАЛАПТАРЫ

Макалалардын тексттерин 2017-жылдын 1-июль айынан кечиктирбей уюштуруу тобунунskalygulova@aol.com;akmatova.63@mail.ru; planetachika75@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр. Макалалар кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат.

Авторлор кайсыл бөлүмдө макалалары жайгашыларын өздөрү белгилеп бериши керек. Конференциянын материалдары “ОшМУ Жарчысы” журналына чыгарылат. Макаланын көлөмү, анын ичинде, адабияттардын тизмесин, таблицаларды, схемалар менен сүрөттөрдүн түшүндүрмөсү менен, макаланын башкы бетин (УДК; ар бир автордун аты-жөнү; кыска жана түшүнүктүү макаланын аталышы), аннотация, негизги сөздөр менен макаланын темасын (сөзсүз кыргыз, орус жана англис тилдеринде болушу керек), негизги текстин кошкондо 8 басма беттен ашпоосу керек. PDF форматтагы макалалар алынбайт. Ар түрдүү графикалык объекттерди кошууга болот (сүрөттөр, графикалар, таблицалар). Текст Word программасынын версиялары менен басылып, электрондук жана кагаз түрүндө берилиши керек. Тексттин шрифти — Times New Roman. Шрифттин өлчөмү-14кегль. Сапарасы-1,5. Барак жээктери: үстү-20 мм, асты – 20 мм, сол жагы – 30 мм, оң жагы – 20 мм. Текст туурасына карата түздөлөт. Макаланын беттери ирети менен коюлат. Адабияттардын тизмеси макаланын аягында берилип, тексттеги адабияттардын шилтемелери төрт чарчы кашанын ичинде көрсөтүлөт. Макаланын автору тууралуу кыскача маалымат көрсөтүлгөн үлгү боюнча тиркелет.

Таблицаларга темалары толук жазылат, бош графанын калышына жол берилбейт. Шарттуу кыскартуулар менен белгилерге түшүндүрмөсү берилет.

Иллюстративдик материалдар төмөнкү форматта берилет: фото сүрөт, сүрөттөр үчүн-tiff же jepg; графика, диаграмма, схемалар ж.б үчүн – exls, сdr. Сүрөттүн артына же алдына автордун фамилиясы, макаланын темасы жана сүрөттүн номери көрсөтүлөт. Иллюстрациялар текстке карай жайгаштырылышы мүмкүн, бирок алар өзүнчө файл түрүндө берилиши зарыл. Себеби калыпка салууда пайдаланылат.

Адабияттардын тизмеси макалада колдонулушу боюнча түзүлөт.

Виртуалдык презентациялар дагы кабыл алынат. Публикацияланган баяндамалар //oshsu.kg Web баракчасына жүктөлөт.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча материалдардын электрондук жыйнагы тузулот. Секциялык иштерде мыкты баяндамалар белгиленет. Уюштуруу комитети баяндамаларды 2017-жылдын 15-сентябрына чейин тандап алат, 29-сентябрга чейин эл аралык конференциянын катышуучуларына чакыруу жонотулот.

Конференцияда катышуунун формалары:

- баяндама+ публикациялоо - 20 мин.

- презентация, workshop, poster presentation – 20 мин.

- виртуалдык презентация – 20 мин.

- баяндама (публикациясы жок) – 20 мин.

- угуучу катары катышуу

Уюштуруу толомдору конференция учурунда чогултулат:

- баяндама+ публикациялоо - 1000 сом

- баяндама + публикациясы жок – 800 сом

- угуучу катары катышуучу – 800 сом.

- виртуалдык катышуу + публикациялоо – 500 сом

- студенттер учун доклад менен катышуу + публикация – 500 сом

Жол жана жайгашуу чыгымдары командировкага жоноткон мекеме тарабынан каржыланат же катышуучу озу толойт. Кофе-брейк жана тушку тамак уюштуруучулар тарабынан камсыздандырылат.

Конференциянын аягында экскурсия уюштурулат.

Крнференция жонундо маалыматты www.osu.kg сайтынын таба аласыздар.

Кошумча маалыматты томонку даректен ала аласыздар:skalygulova@aol.com;akmatova.63@mail.ru; planetachika75@gmail.com ; тел: 0550270320, 0777720748, 0779904760

Байланыш: доцент Акматова А.А., тел. 996777720748

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

«ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАГЫ БИЛИМ БЕРΥΥДϴГΥ ТУРУКТУУ ϴНΥГΥΥ»


БИЛДИРМЕ ФОРМАСЫ

1. Аты-жону ________________________________________________

2. Олко ____________________________________________________

3. Мекеме__________________________________________________

4. Кызмат орду _____________________________________________

5. Илимий даражасы_________________________________________

6. Илимий наамы____________________________________________

7. Багыт ____________________________________________________

8. Баяндаманын аталышы___________________________________

__________________________________________________________

9. Дареги __________________________________________________

10. Телефон _____________________________ факс _______________

11. E-mail __________________________________________________

Көчүрүү
5076 15:48 28-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|