Жанылыктар

Ош шаарында 2018-жылдын 11-май күнү “2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата өткөрүлгөн “Спорт – ден соолуктун булагы” аттуу билим, илим кызматкерлеринин облустук Спартакиада

Спорттун стол тенниси боюнча аялдар арасындагы мелдеште Ош МУнун командасы 1-орунду ээлегендиги үчүн билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош облустук комитетинин I даражадагы диплому менен сыйланды. Бул топтун капитаны орто кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын окутуучусу, теннис боюнча спорттун чебердигине талапкер, шаардык судья Ахунбекова Талимкан Аскарбековнанын салымы чоң. Анткени Талимкан Аксарбековна командасы менен Ош МУда жана шаардык деңгээлде өткөн мелдештерде дайыма 1-орундарды ээлеп келе жатат. Кесиптешибизге мындан ары да бекем ден-соолук, педагогикалык жана спорттук ишмердикте чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз! ИПКнын орто кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы
3383 15:34 17-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|