Жанылыктар

ОшМУнун студенттеринин этикалык кодексин ЭМФтин студенттерине англис тилинде презентациялоо

ОшМУнун билим берүүдөгү негизги милдеттери – өлкөнүн өнүгүүсүнө жана учурдун талабына ылайык жаны муундагы адистерди тарбиялоо. Билим берүүнүн натыйжалуулугу окуу-тарбиялык иштеринин өз ара карым-катышынан көз каранды. Эл аралык медицина факультетинде социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары тарабынан окутуунун сапатын жогорулатуу, окуу тарбиялык иштерин жакшыртуу максатында «Окутуучулардын жана студенттердин этикалык кодекси» англис тилине которулуп, факультеттин студенттерине презентацияланды. Презентация учурунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты. Кафедранын окутуучулары презентациянын материалдарын куратордук сааттардын иш пландарына киргизишти.
4727 14:45 28-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|