Эл аралык медицина факультетинде «Клиникалык дисциплиналар-2» кафедрасында III курстун студенттери арасында конкурс уюштурулуп өттү
14:18
Студенттердин сабакка кызыгуусун артыруу максатында ушул жылдын 15 декабрь айында III курстун студенттеринин арасында «Клиникалык дисциплиналар -2» кафедрасында «Пропедевтика детских болезней» сабагы боюнча конкурс уюштурулуп өттү. Биринчи команданын аты «Рediatros», ал эми экинчи команданын аты «Sfygmos» деп аталды. Конкурс учурунда берилген тапшырмаларды студенттер жогорку жоопкерчилик менен аткарганы байкалды. Конкурстун уюштуруучулары кафедранын «Пропедевтика детских болезней» сабагынын окутуучулары м.и.к., доцент М. Бугубаева жана А. Омурзакова. Жюринин чечими менен биринчи орунду «Рediatros» командасы 136 бал менен утушка жетти. Женген жана женилген командаларга модулдук 30 бал ыйгарылды. Деканаттын чечими менен женүүчүлөр экзаменден бошотулду.
3870 14:18 16-12-2017