Жанылыктар

Эл аралык медицина факультетинде 2 курстар арасында олимпиада өткөзүлдү.

Эл аралык медицина факультетинде «Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо » кафедрасында 11 декабрь 2- курстардын арасында « Микробиология» сабагынан жарышуу болуп өттү. Ар кайсы курстан 4 группа катышты : 1. «Pathogens» 2. «Antony» 3. «Immunobacters» 4. «Virus». Жюринин курамында ф.и.к , доцент Р. Ысмаилова «Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо» кафедрасынын мугалими Б. Абдимомунова . Жарышуу 3 бөлүктөн турду: 1. Ар бир топ командасын таныштырып жана командага коюлган атын чечмелешти. 2. Жюрилер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти . 3. Командалар бири- бирине 3тон суроо беришти. Жыйынтыгы: 15,7 бал менен «Pathogens» командасы биринчи орунду эледи, 12,8 бал менен 2 орунда «Antony» командасы, 3 оорунду «Immunobacters» командасы 12,7 бал менен ээлешти.
3676 15:20 12-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|