Жанылыктар

"Дивали" салттуу майрамы өттү.

Эл аралык медицина факультетинин студенттери зор шыктануу менен Дивали аттуу – “Оттун майрамын" белгилешти. Жарык караңгыны, жакшылык жамандыкты жеңген күн катары эсептелип, Индиядагы ири фестиваль катары таанымал. Майрамды ар түрдүү кооз фейерверктер коштоп, салттуу чырактарды күйгүзүшүп, түрдүү белектерди үй-бүлөлөрүнө жана досторуна беришет. Манилүү белектер болуп таттуу шириндиктер, күмүш, алтын, кийим жана колго жасалган буюмдар болуп эсептелинет. Майрамды эл аралык медицина факультетинин студенттери 19 октябрь күнү Ош шаарындагы “ReMi” аттуу ресторанында өттү. Декан , профессор Муратов Жанибек Kудайбакович адаттагыдай эле куттуктоо сөзү менен кечени баштады. Декандын окуу иштери боюнча орун басары Атабаев Ибрагим Насырович бардык мугалимдердин атынан студенттерди майрамы менен куттуктады. Кечени "Ханбийке" тобу улуттук бийи менен ачты. Ар түрдүү улуттун өкүлдөрү бар, алар өзүлөрүнүн маданиятын, бийлерин, ырларын, каада-салттарын көрсөтө алышты. Акырында, жолугушуу жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.
4768 10:22 21-10-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|