Жанылыктар

“Бүткүл дүйнөлүк эне тили”

      ОшМУнун ректорунун көрсөтмөсүнө ылайык Ыйман, адеп жана маданият жылына карата ОшМУнун факультеттеринде “21-февраль- Бүткүл дүйнөлүк эне тили” күнү белгиленет.

      Ошол максатта 10-февраль күнү Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде бардык кафедранын студенттери арасында сынак өткөрүлдү. Студенттер англис жана немис тилдеринде ырдоо, бийлөө, көркөм ыр окуу аркылуу үйрөнүп жаткан тилдердин өлкөсүнүн үрп адатын, маданиятын сахналаштырып аткарышты. Алар өздөрүнүн шыгын, өнөрлөрүн эң жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Жыйынтыгында, англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучулары даярдаган группалар мыкты деп табылып, алар 21-февраль күнү боло турган жалпы факультетер арасында өтө турган фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк берилди.

6091 16:06 13-02-2017

                 

Жанылыктар

|< >|