Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ж. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалына теолгия факультетинин деканы С. Мырзаибраимов жана кафедра башчысы З. Ажимаматов семинар өтүп келишти. Семинардын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-февралындагы №24 «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана концепция» жана «2017 Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата окуу борбордо окуп жаткан курсанттардын дин жөнүндөгү билимин жогорулатуу болду.
Теология факультетинин окутуучулары ИИМдин Ж. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалында семинар өтүп келишти
16:15