Р.Абдыкадыровдун ырларын аткаруу боюнча Кыргызстандын бардык аймактарынан келген чыгармачыл инсандардын арасынан суурулуп чыгып, баш байгени жеңип, министрликтин диплому жана 50000 сом акчалай сыйлыгына ээ болду. Сынакта Абдыкерим Ахмедов акын Омор Султановдун сөзүнө жазылган “Эскерүү” аттуу чыгармасын аткарган. Жеңиш ээсин окуу жайдын жалпы жамааты куттуктап, чыгармачылык эргүү, иштерине ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, аталган сынак алгач жер-жерлерде уюштурулуп, мыктылар тандалып алынган.