Сүйүктүү студент достор!
Ар бириңиздерге жакшы үмүттөрдүн жарыгын чачып келе жаткан жаңы 2017-жылыңыздар менен ак дилимден куттуктаймын.
Өтүп бараткан жыл Ош мамлекеттик университетибиз үчүн бараандуу ийгиликтердин жылы болду. Университетеибиздин эл аралык деңгээлде аброю, бедели артты. Жаңырган 2017-жаңы жыл элибизге ырыскы-дөөлөттү, ынтымак-ырашкерликти, бакубат жашоону алып келсин. Жаңы жылда Жараткан ар бириңиздерге дем-күч, шыктануу, чыгармачылык эргүү берсин.
Жаңы жылда студенттерибиздин, окутуучу-профессорлорубуздун демине, акыл-эсине жакшы ниеттерди, жакшы ой-максаттарды салсын.
ОшМУнун сапаттык өнүп өсүүсүнө салым кошолу. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө кут уялап, бакыттын шаңы жаңырып турсун.
Куттуктоо менен
Каныбек ИСАКОВ,
ОшМУнун ректору