Жанылыктар

HSK

04.12.2016 Ош Мамлекеттик Университетинин Конфуций институтунда 2016-жылдын эсебинен эң акыркы жолу өткөрүлүп жаткан бүткүл дүйнөлүк кытай тилинин деңгээлин аныктоочу экзамени жазуу(HSK), оозеки (HSKK)түрүндө болуп өттү . ( HSK) экзамен жогорку деңгеелде ,так өттү.Бул зкзамендин катышуучулары Конфуций институтунун бакалавр жана колледждин студенттери жана башка окуу жайлардын студенттери катышты .Экзаменге жалпысынан 361адам 1-баскычтан 6-баскычка чейин тапшырды .Студенттердин көпчүлүгү 4-баскычты тапшырды,негизинен 52%түздү.Оозеки( HSKK)185 адам катышып башталгыч,ортонку жана жогорку баскычтарды тапшырды.Башталгыч баскычты тапшыргандар 62%ды түздү.Алардын көпчүлүгү бакалаврдын 1-курсунун студенттери .Буга чейики өткөрүлгөн экзамендерге салыштырмалуу бул экзамендин катышуучулары көп болду.Алардын көпчүлүгүнүн максаты бул жылы экзаменди жакшы тапшырып кийинки жылы Кытайга барып окуусун улантууга максат кылышты .2016-жылдын эсебинен 7жолу жазуу ( HSK),3жолу оозеки ( HSKK) болуп өттү.Быйылкы жылдын эсебинен жалпы катышуучулардын саны1672 студентти түздү.
4219 14:53 09-12-2016

                 

Жанылыктар

|< >|