07.12.2016 – күнү теология факультетинде «Кожа Ахмет Яссави» аттуу конференция болуп өттү. Ачылыш сөздү Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы доц. док. С. Мырзаибраимов сүйлөдү. Кийинки сөз, теология факультетинин деканынын орун басары доц. док. Ферхат Гөкчеге берилди. Конференцияга Туркия мамлекетинин Ахмет Яссави университетинин башкаруу кеңешинин жетекчиси проф. док. Мустафа Йылдыз, башкаруу кеңешинин мүчөсү проф. док. Мухиттин Шимшек жана Евразия изилдөө институтунун директору доц. док. Невзат Шимшек катышты.
Түркия мамлекетиндеги Ахмет Яссави университетинин өкүлдөрү теология факультетинде
11:56