Жанылыктар

Искусство факультети "Пленер - 2016" аттуу сүрөт көргөзмөсүн ачты

19-октябрь күнү Ош шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде ОшМУнун Искусство факультетинин "Сүрөт, чийүү жана эмгек" кафедрасынын 8 окутуучусу тарабынан "Пленер - 2016" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул көргөзмөнүн авторлоруна М.Эшбаев, А.Марипов, М.Мамытов, М.Исмаилов, А.Оморкулов, М.Мамазаиров И.Урманов жана К.Мамараимовдор кирет. Алар 2016-жылдын 11-июлунан 25-июлуна чейин Тарых жана маданият жылынын иш-чараларынын алкагында ОшМУнун ректору К.А.Исаковдун материалдык жана моралдык колдоосунун алдында 80 000 сом бөлүнүп Ысык-көл областынын Кажы-сай айлына барып көлдүн жээгиндеги жаратылыш кооздугун сүрөткө тартып келишкен.
2656 09:07 20-10-2016

                 

Жанылыктар

|< >|