Кошумчалай кетсек, Белгород мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университети тыгыз кызматташтыкта иш алып барып келет. 2016-2017-окуу жылында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 2 магистранты Белгород мамлекеттик университетинде 2-курстагы окуусун бюджеттик негизде улантууга Россиянын Билим берүү министрлиги тарабынан жактырылган.
Ал эми жакынкы аралыкта ОшМУнун өнүгүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абыдганы Абдувалиев жана ОшМУнун когнитивдик изилдөө борборунун директору, ф.и.д. Капар Зулпукаров БелМУнун 140 жылдык мааракесине катышып, байланыштарды өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкени турушат.