Жанылыктар

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору ОшМУда конокто

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, м.и.д., профессор Индира Кудайбергенова баш болгон делегация Ош мамлекеттик университетинде болуп, ректор Каныбек Исаков менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында ОшМУда медициналык билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан алдыңкы тажрыйбалар жөнүндө сөз кылышты жана университеттин тарыхы чагылдырылган музейи менен таанышты.

Делегация иш сапардын алкагында ОшМУнун Ак-Буура кампусунда жайгашкан университеттин ички каражатынан курулган медициналык клиникасы, эл аралык медицина факультети, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустары, медицина факультети менен жеринде таанышканы жөнөп кетишти.

Белгилей кетсек, аталган делегация ОшМУга тажрыйба алмашуу, ОшМУнун алдыңкы тажрыйбалары, медициналык билим берүүнү реформалоо багытында жасалып жаткан иштер менен таанышуу, өз ара кызматташуу максатында келишкен.

18268 10:21 24-08-2016

                 

Жанылыктар

|< >|