Жанылыктар

«Улуу Жибек жолу бир кур, бир жол» долбоорунун алкагында IV Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде “Улуу Жибек Жолунун экономикалык алкагын биргеликте түзүү жана анын тиешелүү өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген таасири” аталышындагы IV Эл аралык илимий-практикалык конференция башталды.

Дүйнөдөгү эң актуалдуу экономикалык демилгелердин бирине айланган «Улуу Жибек жолу бир кур, бир жол» долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан конференцияга Кытай Эл Республикасынан 8 профессор, Россиядан 3 профессор, Казакстандан 3 профессор, Тажикстандан 1 профессор, Кыргызстандан 50 дөн ашуун илимпоздор, аталган мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринен, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр катышып жатышат.

Конференцияда сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков «Улуу Жибек Жолу» глобалдык долбоору - дүйнөнүн 26 мамлекетин өз ичине камтып, 26 мамлекеттин өз ара экономикалык, маданий, социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган долбоор болуп саналарын белгилеп өттү.

Конференциянын пленардык отурумунда Кыргыз Республикасынын УИАсынын мүчө-корреспонденти, э.и.д., профессор Ш.М. Мусакожоев «Улуу Жибек Жолу алкагындагы интеграция жана Кыргызстандын өнүгүү императивдери», Синьцзян педагогикалык университетинин коммерциялык институтунун директорунун орун басары, доктор Ванг Вэй Жан, Синьцзян педагогикалык университетинин жеңил өнөр - жай техникалык институтунун улук окутуучусу Ву Вэй Чунь “Жибек Жолунун экономикалык алкагындагы кызыкчылыктардын ролу жана анын түзүлүү жолдорунун анализи (Евразиялык аймактардын мисалында)”, Эл аралык иштер боюнча Россиялык Кеңештин эксперти, экономист Н.А. Мендкович «Евразиялык транзит ЕАЭБ чегинде проект катары», Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Казакстан Республикасынын УИАсынын ардактуу академиги, экономика илимдеринин доктору, профессор А.Д. Сапарбаев "Жибек Жолу – жаңы мүмкүнчүлүк" деген аталыштардагы илимий баяндамаларын жасашты.

Конференциянын секциялык иштери ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде улантылап, жыйынтыгында Улуу Жибек Жолунда кайрадан жаңыртылып, алкакка кирген өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө тийгизе турган таасири, өнүгүүлөрү жөнүндө кеңири талдоолор, анализдер, конкреттүү сунуштар айтылып, талкуулар жүрөт.

14393 11:27 01-06-2016

                 

Жанылыктар

|< >|