Жанылыктар

Достук фестивалынын экинчи күнү: «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!»

Ош мамлекеттик университетинде Тарых жана маданият жылына арналган «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалынын экинчи бөлүгү 21-май күнү улантылып, анда Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту, Ош мамлекеттик университетинин командалары окуган окуу жайын жана Кыргызстанды даңазалаган номерлер менен чыгышып, мыкты даярдыктарын көрсөтүштү.

Ошондой эле өлкөнүн жети дубанынан келген таланттуу студенттер чын дилден достошуп, баарлашып ОшМУнун окуу имараттары менен таанышып, Ош шаарынын сыймыгы болгон Сулайман Тоосуна чыгып, кереметтүү кооз жайларын көрүшүп, ОшМУнун Ак-Буура эс алуу жайында да болушту. Мындай фестивалды уюштуруп, жети дубандын таланттуу жаштарынын башын кошкон ОшМУга ыраазычылыктарын билдиришти.

Республикалык ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди, жаш окумуштууларды, тажрыйбалуу профессорлорду алмашып ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча түзүлгөн “Ош декларациясына” кол коюу аземи жана гала-концерти тууралуу сөзүбүздү дагы улантабыз.

11546 21:39 21-05-2016

                 

Жанылыктар

|< >|