Иш-чараны уюштуруунун 1-күнү 10-февралда уюштурулуп, анда ОшМУнун факультет, институт, коллеж, лицейлеринде ар бир студенттик тайпада кураторлор тарабынан Ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалыматтар берилет. Иш-чараны уюштуруунун 2-күнү 11-февраль күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин ОшМУнун башкы имаратынын алдында “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, ага университетибиздин бардык структуралары, ректорат, деканат, директорат, кафедралар, студенттик тайпалары өз салымдарын эл алдында урналарга салышат. Кайрымдуулук иш-чарасында түшкөн каражаттар атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнөт. Акция учурунда ОшМУнун таланттарынын концерттик программалары тартууланып, ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунун» Ооган кыргыздары жөнүндөгү көргөзмөсү уюштурулат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларына пландаштырылган Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик экспедиция уюштурулган, экспедициянын курамына ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунан» эки окутуучу Сабыр Арстанов, Расул Авазбековдор да кошулган.