Конференцияга ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, Нүзүп миңбашы фондунун төрагасы М.Токтоболотов, республикалык жогорку окуу жайларынан катышкан өкүлдөр, окумуштуу-аалымдар куттуктоо сөздөрүн айтып, конференциянын ишине ийгилик каалашты.
Пленардык жыйында Э.Арабаев атындагы КМУнун профессору, т.и.д., Т.Кененсариев “Кыргыз тарыхнаамасындагы иинсан таануу жана Нүзүп миңбашынын тарыхый инсандык бейнеси”, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, т.и.д., Ж. Алымбаев “Нүзүп бийдин саясий –мамлекеттик ишмердиги”, Ош малекеттик юридика институтунун профессорду, т.и.д, Б.Абытов “Нүзүп бий жана Алымбек датка кыргыздын көрүнүктүү ишмерлери”, ОшМУнун доценти, т.и.к, С.Смадияров “Тарыхый инсандарды изилдөөнүн жана окутуунун айрым маселелери” аттуу докладдары менен конференциянын катышуучуларына баяндады.
Конференциянын кийинки бөлүгү “Кыргызстандын тарыхнаамасында тарыхый инсандардын изилдениши: проблемалары жана келечеги”, “Ааламдашуу шартындагы гуманитардык жана табигый илимдердин актуалдуу маселелери” аттуу секцияларда улантылды. Белгилей кетсек аталган конференция ОшМУнун тарых факультети жана Нүзүп миңбашы фонду тарабынан уюштурулду.