Турнирге Түштүк Корея, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен өкүлдөр, спортчулар келип катышты. Жыйынтыгында I орунду Кыргыз Республикасынын чемпиону Руслан Култаев (КР), II орунду Алишер Якуббаев (КР), III орунду Кудрат Абдирахимов (Өзбекстан), IV орунду Рашид Ахмедовдор алышып, ОшМУнун атынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар, ошондой эле кубок менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, аталган турнирдик оюндар ОшМУнун табият таануу жана география факультетининдеги спорттук залдында өттү.