Жолугушууда өлкөбүздө IT технология жаатында болуп жаткан жетишкендиктер, IT адистерге болгон суроо талап жана көгөйлөр жөнүндө маалыматтар берилди. Ошондой эле IT технология тармагында эмгектенип жаткан адистер менен мастер-класстар өткөрүлдү. Соңунда ОшМУнун базасында ачылган IT академиянын окуу программалы, студенттердин колунан жасалган иновациялык табылгалар менен таанышып, кызыккан сулоолоруна жооп алалышты.
“Кыргызстанда IT технология базары өнүгүү жолунда. 2016-жылы бул тармакта түшкөн жалпы киреше 241 млн сомго жеткен. Өлкөдө IT технология жаатында эмгектенген отузга жакын компания бар, аларга 70% буйрутма башка мамлекеттерден түшөт. Эксперттер мындай кирешелүү тармактын негизги көйгөйү - адистерди даярдоо экенин белгилешет.
Дүйнөлүк эксперттер кийинки жылдары мындай программаларды ойлоп таап, иштеп чыккан IT адистиги чоң суроо-талапты жараткан кесипке айланарын айтып келишет. Бул кесипте аймактык жана аралык чек жок болгондуктан, дүйнөнүн кайсы жеринде болсоң да буйрутма алып иштей берүүгө болот”, -деп билдирди ОшМУнун IT академиясынын директору Улар Молдояров.