News

IT академияда билим алып жаткан студенттер программисттер күнүн белгиледи

Ош мамлекеттик университетинде жаңы ачылган IT академия 13-сентябрь күнү программистер күнүнө карата ОшМУда IT технология багытында билим алып жаткан студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда өлкөбүздө IT технология жаатында болуп жаткан жетишкендиктер, IT адистерге болгон суроо талап жана көгөйлөр жөнүндө маалыматтар берилди. Ошондой эле IT технология тармагында эмгектенип жаткан адистер менен мастер-класстар өткөрүлдү. Соңунда ОшМУнун базасында ачылган IT академиянын окуу программалы, студенттердин колунан жасалган иновациялык табылгалар менен таанышып, кызыккан сулоолоруна жооп алалышты.

“Кыргызстанда IT технология базары өнүгүү жолунда. 2016-жылы бул тармакта түшкөн жалпы киреше 241 млн сомго жеткен. Өлкөдө IT технология жаатында эмгектенген отузга жакын компания бар, аларга 70% буйрутма башка мамлекеттерден түшөт. Эксперттер мындай кирешелүү тармактын негизги көйгөйү - адистерди даярдоо экенин белгилешет.

Дүйнөлүк эксперттер кийинки жылдары мындай программаларды ойлоп таап, иштеп чыккан IT адистиги чоң суроо-талапты жараткан кесипке айланарын айтып келишет. Бул кесипте аймактык жана аралык чек жок болгондуктан, дүйнөнүн кайсы жеринде болсоң да буйрутма алып иштей берүүгө болот”, -деп билдирди ОшМУнун IT академиясынын директору Улар Молдояров.

4433 16:01 18-09-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|