Новости

Он жылдык үзүрлүү эмгектин отчетун берген проректор Замирбек Божонов кызматын тапшырды

Ош мамлекеттик университетинин тарбия жана социалдык иштер боюнча проректору Замирбек Божонов Ош улуттук драма театрында өткөн “ОшМУ мырзасы” сынагында университеттин жалпы жамаатынын алдында 10 жылдык ишмердүүлүгү чагылдырылган видео отчетун тартуулады. Анда он жыл аралыгында университеттин тарбия, социалдык, патриоттук, кесипке багыт берүү, интеллектуалдык, билим берүүчүлүк багытында жасалган демилгелүү иш аракеттер кеңири баяндалып өттү. Ошондой эле жамааттын алдында жалпы жамаатка, жетекчиликке ыраазычылыгын билдирип, илимий иштерин улантуу ниетинде арызын жазып, кийинки өсүп келе жаткан жаш муундарга орун бошотуп берип жаткандыгын билдирди.

Айтууга оңой болгону менен 30 миңге чукул жаштардын башын бириктирип, тынымсыз изденип, дайыма жаңы идеяларга умтулуп, чыгармачылык менен эмгектенгендигин, учурда үлгүлүү, өрнөктүү түрдө жасаган иштеринин отчетун берип, көпчүлүккө үлгү болуп өз каалоосу менен жаштарга орун бошотуп берип жаткандыгын белгилеген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Замирбек Божоновго жамааттын атынан ыраазычылыгын айтып, ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалап, университеттин өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө салым коошкондугун белгилеп ОшМУнун Ардак громатасы, 25 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы менен сыйлады.

Коом жаңыланып турушу керек, жаңы көз караштар, жаңы идеялар менен жаңы адамдар келиши керек деген ниетин билдирген Замирбек Божоновдун ордуна ОшМУнун тарбия жана социалдык иштер боюнча проректору болуп университеттин Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун директору кызматында эмгектенип келген ф.и.к., обончу-аткаруучу Түмөнбай Колдошов дайындалды. Ошондой эле дагы бир буйрук менен Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун директору кызматына аталган борбордо жардамчы болуп эмгектенип келген Эламан Жалалов дайындалды.

4006 11:56 27-02-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|