Аталган иш-чара Жалал-Абад шаарындагы Барпы драма театрында уюштурулуп, ага шаардагы бүтүрүүчү класстын окуучулары чакырылган. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ОшМУ жөнүндөгү видеоролик көрсөтүлүп, кесипке багыт берүүчү “Нур” гезитинин атайын саны таратылат жана жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “ОшМУнун идеалдуу түгөйлөрү - 2014” сынагы коюлат. Аталган сынакка факультеттерден тандалып алынган 8 түгөй катышууда.
“Биздин негизги максат бүтүрүүчүлөргө кесипке туура багыт берүү, ОшМУ менен жакындан тааныштыруу, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбтиялооо” – дейт ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Кудайберди Кожобеков.
Эске сала кетсек, былтыр ушул эле Жалал-Абад шаарында Барпы театрында окуучулар үчүн “ОшМУ мырзасы - 2013” жигиттер сынагы коюлган болуучу. Ал эми аталган сынак быйылкы жылы 20-февралда Кызыл-Кыя шаарынын бүтүрүүчүлөрүнө тартууланды.