Новости

“Ачык сабактардын эки жумалыгы” иш-чарасы жыйынтыкталды

Өткөн аптада медицина факультетинин “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен” кафедрасынын улук окутуучусу Нуруев М.К. жана жаш окутуучу Олжобаев И.А. “Клиническая анатомия сосудов и нервов голени и стопы” аттуу темада 2лк-3А, 2лк-11Б тайпаларына кезектеги ачык сабактарын өткөрүштү. Сабакка кафедра башчысы, доцент К. Сакибаев, м.и.к., доценттер С. Джолдубаев, Ж. Муратова катышышып, сабактардын уюштурулушу, жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Окутуучу тарабынан түзүлгөн сабактын иштелмеси боюнча толуктоолор, өзгөчө, калыптандыруучу компетенциялар туралуу маселелер талкууланды. Кафедранын башчысы, доцент К. Сакибаев жалпы иш-чараны талкуулап жатып, тажрыйбалуу окутуучулардын да (Джолдубаев С.Дж., Беркмаматов Ш.Т., Муратова Ж.К.) сабактары тууралуу айтып өттү. Өзгөчө жаш окутуучулар үчүн ушул сыяктуу иш-чаралар пайдалуу болоорун белгилөө менен, аталган иш-чара жазгы семестрде да өтөөрү пландаштырылды.
5225 12:24 15-12-2015

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|