Новости

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын 2017-2018-окуу жылынын сентябрь айынан январь айына чейин аткарган иш-аракеттери

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын 2017-2018-окуу жылынын сентябрь айынан январь айына чейин аткарган иш-аракеттери
11-сентябрдан 20-сентябрга чейин ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы, Орозали уулу Бектурсун, бардык факультеттердин студенттери менен сайтка жүктөлгөн графикте 1 ай бою жолугушту. Жолугушууда студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы студенттердин укуктары жана милдеттери, Тарбия департаментинин структура мүчөлөрү ( "Нур" гезити, "Үмүт" телестудиясы, жаштар комитети жана таланттар академиясы ), социалдык жардам көрсөтүү иштери боюнча баяндама жасады. Жолугушуу учурунда студенттер суроолорду беришип, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.Суроолордун басымдуу бөлүгү ОшМУдагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө болду.Жолугушуунун аягында "Студенттердин чөнтөк дептери" аттуу, студенттердин укуктары жана милдеттери камтылган китепче студенттерге таратылды жана ушул эле китепчени ОшМУнун сайтынан да окуй аласыздар.
25-сентябрь, студенттердин укуктарын бузулушун алдын алуу максатында ОшМУнун бардык факультет, колледждеринде ишеним телефондору уюштурулду. Ишеним телефонунда ОшМУнун ректору, профессору К.А.Исаков агайбыздын, ОшМУнун коррупцияны алдын алуу боюнча комициясынын төрага А.У.Аккулов агайыбыздын жана студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Бектурсун Орозали уулунун телефондору, электрондук почталары каралган. Студенттер ишеним телефондору аркылуу ар кандай көйгөйлөрүн чечүү максатында байланышка чыга алат.
5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүнө карата студенттик акыйкатчы аппараты ОшМУнун мугалимдер жааматын кызуу куттуктап, куттуктуктоо баракчалары менен сыйлашты.
9-октябрдан 14-октябрга чейин ОшМУнун бардык студенттик жатаканада жашаган студенттер менен жолугуушу болуп өттү. Жолугушууга Студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Бектурсун Орозали уулу жана Жаштар комитетинин төрагасы Муратбек алтынбек уулу студенттер менен жолугушуп, студенттердин сунуш, ой-пикирлери менен ой бөлүштү. Студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Бектурсун Орозали уулу жатаканада жашаган студенттер менен жакындан иш алып баруу максатында ар бир жатаканага студенттик акыйкатчы аппаратынын жатаканалар боюнча жооптуу бөлүм башчы дайындады.
Студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасын дайындоо боюнча жобо
Жатаканалар жооптуу бөлүмүнүн башчысы
Акыйкатчы аппаратынын жыйынына катышууга;
Ар бир жатакананын коменданттары менен иш алып барууга:
Ар бир факультеттин кураторлору менен иш алып барууга;
Ар бир факультеттин акыйкатчы өкүлдөрү менен иштешүүгө;
Жаштар саясатын жакшыртуу максатында сунуштама айтууга:
Жатаканалардагы укук-ченемдер боюнча иш алып барып, тушкон арыздарды каттоо, төрагага жана орун басарына маалымат таркатуу;
Ар бир айдын жыйынтыгын төрагага жана орун басарына маалымдоо:
Акыйкатчынын жана анын аппаратынын иш-аракеттери
ар бир жөнүндө факультеттин студенттерине маалымат таратууга:
17-октябрдан 10-ноябрга чейин куратордук сааттардын өтүлүүсү боюнча көзөмөл жүрүгүзүп жана жыйынтыгын чагырып ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Т.Р.Колдошовго маалымат берилди.
10-ноябрь “Бүткүл жаштар күнүнө” жана 17-ноябрь “Студенттер күнүнө” карата ОшМУнун профсоюз комитетинин колдоосу менен студенттик акыйкатчы аппараты № 1,2, 3-жатаканада жашаган студенттерге темирден жасалган өзгөчө шахмат столун белекке беришти.
3-декбарь “Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө” карата ОшМУнун бардык факультет, колледждеринде окуган студенттерди тактап, аларга университет тарабынан берилүүчү жөлөк пулду жеткирип жана концерттик программа уюштурдук.
Студент жаштар арасында укуктук маалымат берүү үчүн жана таза сессияга карата ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан укуктук видео тартылды.
11-декабрдан 18-декбарга чейин ОшМУнун бардык факультеттеринде коррупцияны жана студенттердин укуктарынын бузулушун алдын алуу максатында анкетирлөө жүргүзүлдү. Жалпы жыйынтык боюнча ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковго жана ОшМУнун коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиянын төрагасы А.У.Аккулов агайларыбызга маалымат берилип, тиешелүү чаралар көрүлдү. Анкетада жалпысынан төмөндөгүдөй суроолор каралган.
1.Факультетиңиздин китепканасынан китеп алууда китепканачылардын ишмердүүлүгү канаатандырабы?
Жооптору Саны %
А) ооба канаатандырат
Б) корс мамиле жасайт
В) канаатандырбайт

2.Сиздин факультетинизде интернет түйүндөрү студенттерге жетишээрлик денгээлде пайдаланууга берилгенби, компьютердик класстардын ишмердүүлүгү сизди канаатандырабы?
Жооптору Саны %
А) ооба, канаатандырат
Б) берилген, бирок көп пайдалана албайбыз
В) жок берилген эмес
Г) чектелген
Д) билбейм

3.Билимди калыс баалабай пара алган окутуучулардын аты-жөнү, предмети, канча сомдон?
Жооптору Саны %
А) андайлар жок
Б) өзүм билбегеним үчүн пара берем
В) билсем да акча талап кылган окутуучулар бар
3.а) Пара талап кылган окутуучунун аты-жөнү, предмети жана канча сом?
№ Ф.И.О. Предмети Баасы Саны
1


3.б) Учурдагы модуль жана сессияга сиздин даярдыгыңыз кандай?
Жооптору Саны %
А) эң жакшы
Б) орто
В) даярдыгым жок
3.в) Китеп саткан окутуучунун аты-жөнү, предмети жана канча сом?
№ Ф.И.О. Предмети Баасы Саны
1
3.г) “кж” үчүн акча талап кылган окутуучунун аты-жөнү, предмети, канча сом?
№ Ф.И.О. Предмети Баасы Саны
1

4. Таанышка, парага карабай билимди туура баалаган жана сабакты мыкты өткөн окутуучуларды атаныз?
№ Ф.И.О. Предмети Саны
1

25-декбарь, сессия, модуль учурларында мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу максатында “Ишеним баракчалары”уюштурулду.“Ишеним баракчаларында” ОшМУнун коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиянын төрагасынын жана студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчисинин номерлери көрсөтүлгөн.

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын демилгеси менен 2017-2018-окуу жылында ишке кирген проекттер жана долбоорлор
2017-2018-окуу жылынын 20-октябрь күнү алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу максатында Студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган "Педагогикалык ачык сабак" долбоорунун эң алгачкы сабагы ОшМУнун Физика-техника факультетинин ФЕ(б)-1-15 тайпасында 18-октябрь күнү өтүлдү.
Педагогикалык ачык сабактын максаты;
•Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу;
•Коомчулукту түрдүү билимдердин тармактары боюнча кабардар кылуу;
•Окутуудагы креативдүү, инновациялык, интерактивдүү усулдарды көрсөтүү;
•ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын коомчулук алдындагы кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу;
•Студенттин билим алууга кызыгуусун арттыруу;
•Билимдүү студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү;
•Билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо:
Бул долбоор мындан ары да ОшМУнун бардык факультетттеринде уланат.
Студенттерге ИЙГИЛИК каалайбыз!



 "Кулак угуп, көз көрбөгөңдү жүрөк самабайт"-деп улуу философ Мигель ДЕ Сербантес айткандай бизда дүйнө жүзүндөгү жакшы жаңылыктарды, ачылыштарды, проблемаларды, жаратылыш үнүн маалымат катары студенттерге жеткирип, жана болуп жаткан окуяларга өз алдынча чечим чыгарууга, жеке пикир жарата алуусуна шарт түзүү үчүн кыска метраждуу видео-роликтерди көрсөтүү менен (ата-энеге, мекенине, досторуна, окуу жайына болгон суйууну жандандыруу) жоопкерчиликтүү, активдүү жана интеллектуал жаштарды тарбиялоо жана студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу максатында 12-октябрь күнү ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын демилгеси менен "Бирге сыналгы көрөбүз" долбоорунун алгачкы "Хоресты" аттуу киносу көрсөтүлдү.
1.Өнүккөн мамлекеттердин өнүгүү тарыхын, цивилизация очогу менен тааныштырып, студенттерде каалоо, эңсөө сезимдерин жандандырып, позитивдүү жашоого үндөө;
2. Укуктук, документалдык, патриоттук, илимий ж.б.у.с. тасмаларды көрсөтүү менен укуктук аң-сезимдүүлүктүү жогорулатып, колдоно билүүсү менен студенттин өз алдынчалуулугуна көмөк көрсөтүү;
2.ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан студенттер үчүн зарыл деп эсептелинген, студент жаштарыбызды ар тараптуу өнүктүргөнгө чоң жардам берип, коомчулуктун кызыгуусун жылдан жылга арттырып жана шааардык деңгээлдеги уюштурулуп жаткан, тарбиялык мааниси чоң, таасирдүү иш-чараларга (“Стилдүү студент”, “ОшМУ мырзасы”, “ОшМУ периси”, “Идеалдуу түгөй” ) 500го чамалуу студенттерибиз көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, копчүлүгү жогоруда аталган иш-чараларды көрө албай калышат. Мына ушул маселени эске алуу менен аталган иш-чараларды студенттердин кайсы бир тобуна көрсөтүүгө жетишип, патриоттук, улуттук көркөм тасмаларды, кыска метраждуу видео-роликтерди, терең маанини камтыган кинолорду көрсөтүү менен биргеликте жүрүм-турумдун, адеп-ахлактуулуктун, нравалуулуктун жогорку деңгээлин калптандыруу.

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын 2018-2019-окуу жылына жаны долбоорлору
«Пикир ордо» дискуссия-дебат клубу
 «Пикир ордо» дискуссия-дебат клубун түзүүнүн
максаты:
 Студент жаштарды саясий, укуктук жактан тарбиялоо;
 Студенттер арасындагы достук мамилени чыңдоо жана жаңы достор табуу;
 Студент жаштардын маданий-интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүгө салым кошуу;
 Студенттерибизге тиешелүү болгон ар кандай көйгөйлөрдү көтөрүп чыгууга жана анализ жасоого, чечүүнүн жолдорун издөөгө тарбиялоого;
 Дискуссия-дебатта эң маанилүү деп саналган маселелерди добушка коюу менен талкуулап,
жыйынтыгын ректорго жана ректоратка билдирүү менен маселени чечүү:
ОшМУнун факультеттер аралык “Жаш кесипкөй” студенттик интеллектуалдык «Брейн-ринг» билимдүүлөр таймашы
. Таймаштын максаты
• Студенттердин билим алууга кызыгуусун арттыруу;
• Студенттерге улуттук дөөлөттөрдү таанытуу;
• Билимдүү студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү;
• Билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо;
• ОшМУнун студенттеринин арасынан интеллектуалдык деңгээли жогору студенттерди тандап алуу;
• Кесипке багыт берүү;



IV. Таймаштын эрежеси:
 Таймаш жалпысынан 20 суроодон туруп алардын ичинен 15 суроо адистигине байланыштуу болуп, калган беш суроо дүйнөлүк, турмуштук, логикалык, патриоттук суроолорду камтыйт. Кайсы факультеттен чыккандарына жараша ошол студенттин адистигинин багытына байланыштуу тереңдетилген суроолор түзүлөт. ар бир факультеттен бирден гана студент катыша алат. ОшМУда факультеттер көп болгондугуна байланыштуу студенттер чүчүкулак түрүндө 4 топко бөлүнүп өткөзүлөт. “Жаш кесипкөй” билимдүүлөр таймашы жаш кесипкөй деп аталгандыгына байланыштуу катышуучу студенттин бир жолу илимий жетекчисинен (агай-эжекелеринен, досторунан) жардам алуу мумкунчулугу берилет.(тел:байланышын колдонсо болот 1 мүнөт). Катталбаган студенттер таймашка катыша албайт жана регламентти туура сактоосу зарыл.
Иш убактысында бизге кайрылган студенттердин арыздарын тактап, кайрылуусуна жараша маалыматтарды берип, жакындан кызмат көрсөттүк. Андан сырткары бардык окуу корпустарындагы ишеним кутучуларын да көзөмөлгө алып, алардагы маалыматтарга тиешелүү чараларды көрдүк. Жалпысынан сентябрь айынан январь айына чейин жогоруда баяндалган иш-аракеттерди жүргүзүп, студенттерде жаралган көйгөйлөрдү максаттуу чечүү менен бир топ жаны долбоорлор менен иштеп, студенттердин маданий эс алуусун, билимге болгон кызыгуусун арттырып жана студент менен акыйкатчынын жакындан иш алып баруусуна жетиштик.
Жанырган жылга карата жогоруда көрсөтулгөн интеллектуалдык “Брейн-ринг” таймаштары, коррупцияны алдын алуу боюнча жана жаштар арасында укуктук билимдерди өркүндөтүү боюнча сунушталган долбоорлордун жоболору ишелип чыгып, андан сырткары дагы бир топ жаны идеяларды ОшМУнун коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиянын төрагасы А.У.Аккуловго жана ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Т. Р. Колдошовго тапшырылды.
“KelBil” программасынын жардамында 10 миңден ашуун студенттерге “Ишеним баракчаларын” жана “Ишеним телефондорун” жеткирип, студенттер менен тыгыз байланышуу мүмкүнчүлүгүн түздүк.
ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын жалпы структурасы ушундай иш-чараларды жургузуу менен бирге алдыда дагы студенттер үчүн көптөгөн иштерди бирге алып барабыз.

2598 13:21 29-12-2017

                 

Новости

|< 1 >|