Новости

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы менен студенттердин жолугушуусу боюнча

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы, Орозали уулу Бектурсун, бардык факультеттердин студенттери менен сайтка жүктөлгөн графикте 1 ай бою жолугушту. Жолугушууда студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы студенттердин укуктары жана милдеттери, Тарбия департаментинин структура мүчөлөрү ( "Нур" гезити, "Үмүт" телестудиясы, жаштар комитети жана таланттар академиясы ), Социалдык жардам көрсөтүү иштери боюнча баяндама жасады. Жолугушуу учурунда студенттер суроолорду беришип, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.Суроолордун басымдуу бөлүгү ОшМУдагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө болду.Жолугушуунун аягында "Студенттердин чөнтөк дептери" аттуу, студенттердин укуктары жана милдеттери камтылган китепче студенттерге таратылды жана ушул эле китепчени ОшМУнун сайтынан да окуй аласыздар. Жолугушууну уюштурууга көмөктөшкөн декандын тарбия иштери боюнча орун басарларына жана факультеттердеги акыйкатчы өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз.
2469 17:24 13-09-2017

                 

Новости

|< 1 2 >|