Новости

Нооруз майрамына карата медицина факультетинде бийлердин фестиваль кечеси болуп өттү

Нооруз майрамына карата медицина факультетинде бийлердин фестиваль кечеси болуп өттү. Аталган иш чара факультеттин башкы имаратынын алдында болуп, жалпысынан 15ден ашык группа катышып, кыргыз, орус, араб, түрк, индия жана башка улуттардын улуттук бийлерин жана танго, испан, лезгинка, , ламбада, заманбап, классикалык бал бийи сыяктуу 20дан ашуун бийлердин түрлөрүн жогорку деңгээлде аткарышты.

Бий фестивалына факультеттин деканы, доцент А.А.Исмаилов баштаган деканат жамааты, кафедра башчылары, тайпалардын кураторлору катышып, куттуктоо сөз сүйлөшүп, атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыкты бийлеген тайпаларга грамота, акчалай сыйлык жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Аталган иш чара декандын тарбия иштери боюнча орун басары, улук окутуучу А.Э.Саттаров жана факультеттин ага куратору З.М.Кадыбаев тарабынан уюштурулду.

3160 10:17 20-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|