Новости

Кезектеги конок лекция Сапаралиев Дөөлөтбек Бекишовичтен окулду

Бүгүн 19-апрель күнү, ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери, магистранттары жана окутуучулары учун К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин профессору, тарых илимдеринин кандидаты Сапаралиев Дөөлөтбек Бекишович "Кыргыз-казак дипломатиялык мамилелери жана алардын Чокан Валихановдун эмгектеринде чагылдырылышы" деген темада лекция окуп берди. Дөөлөтбек Сапаралиев кыргыз-казак дипломатиялык мамилелеринин тарыхы, маданияты жана Чокан Валихановдун эмгектери, алардын арасынан кыргыз уламыштары менен “Манас” эпосун кагаз бетине биринчи түшүргөн баалуу илимий эмгектерин белгилеп кетти. Адатдагыдай эле, суроолор узатылып, лекция катышуучулар үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу болду. Белгилей кетсек, конок лекция Эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу” кафедрасы тарабынан демилгеленип өткөрүлдү.

1996 19:18 19-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|