Новости

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде Америка элинин “Thanksgiving Day” майрамы уюштурулду.

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында университетибиздин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде Америка элинин “Thanksgiving Day” (День благодарения) аттуу майрамдык иш-чарасы өттү. Бул иш-чара ДТжМФнын карамагындагы колледждин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери тарабынан демилгеленип, жогорку деңгээлде уюштурулду.

Аталган иш-чарага факультеттин деканы, кафедра башчылары, жана студенттер чакырылып, “Thanksgiving Day” тууралуу кыскача тарыхы жана маданияты сахналаштырылды, ошондой эле бул иш-чара көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

52 19:44 07-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|