Новости

окутуучулар обон созгондо

Окутуучулар обон созгондо” маанайшат конкурсунда МИТ факультетинин жамааты 50 сом баш байгеге ээ болду 17-ноябрь- студенттердин эл аралык күнүнө карта Ош улуттук драма театрында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын ортосунда “Окутуучулар обон созгондо” маанайшат сынагынын финалдык таймашы тартууланды. Окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, таланттуу окутуучуларды колдоо, студенттерге эстетикалык тарбия берүү, аларды майрамы менен куттуктоо сыяктуу максаттарды алдына койгон сынакка финалдык таймашка жолдонмо алган 6 командадан 200гө жакын окутуучулар катышты. Катышуучулардын талантын жана командалардын даярдыгын баалаган сынак жобого ылайык 6 турдан турду. 1-тур “ОшМУ айымы “ деп аталып командадан бирден эжекелер кечки стилдеги көркөм көйнөктөр менен чыгып, чыгармалардан көркөм окушту. 2-турда ОшМУда иштеген түгөй эжеке-агайлар үй-бүлө куруу үчүн алгачкы таанышууларын, сүйүү мамилелерин романтикалуу түрдө театралдаштырып сценка көрсөттү. 3-тур гир көтөрүү (мында бирден мырза чыгып 16 кг гир ташын көтөрүштү), 4-тур “Окутуучулар обон созгондо”деген темалардын алкагында болду. Ал эми конкурстун жыйынтыктоочу туру “Декандар сахнада” деп аталып анда факультеттердин декандары айрымдары ыр окуп, ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 1-орунду МИТ факультети утуп 50 миң сом, 2-орунду табият таануу жана география факультети ээлеп 40 миң сом, 3-орунду юридика факультети алып 30 миң сом, 4-орунду ээлеген педагогика жана дене тарбия факультетинин жамаатына 20 миң сом, медициналык колледжинин жамаатына 10 миң сом, физика-техника факультетинин жамааты 5 миң сом акчалай сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле жарым финалга катышкан бардык факультеттердин, колледж, лицейердин командаларына окуу жайдын профсоюз комитети тарабынан 3 миң сомдон акчалай сыйлыктар, дипломдор тапшырылды. Ал эми кароо-сынакта өзгөчө өнөрлөрүн тартуулаган агай-эжекелерге жекече номинациялар, акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Эскерте кетсек, иш чара студенттердин майрамына карата мугалимдерден белек катары университеттин тарбия департаменти тарабынан уюштурулуп, сынакка университет тарабынан 200 000 сом байге фонду каралган. Бугай чейин 29-30-октябрь күндөрү жарым финалдык беттештер өтүп, 6 команда финалдык таймашка жолдонмо алышкан. Бул иш чара университетте 2 жылда бир ирет өткөрүлүп келет.
3211 16:07 18-11-2015

                 

Новости

|< 1 >|