Новости

Бахористан

“Бахористонго” барып эс алып келүүгө чакырабыз! Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети менен Тажикстандын Кайраккум шаарында, “Тажик деңизи” деп аталган Кайраккум суу сактагычынын жээгинде жайгашкан “Бахористон” санаторийинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө келишим түзүлдү. Бул жөнүндө ОшМУнун профкомунун профкомдун төрагасы, доцент Абдыжапар Аккулов билдирди. “Бул санаторий азыркы учурда Фергана өрөөнүндөгү өзүнүн жаңы жана заманбап комплекстүү дарылоо кабинеттери, комфортабельдүү мейманкана номерлери, ар тараптуу сапаттуу сервиси, жалпысынан алганда эс алуу үчүн эң сонун шарттары менен белгилүү эс алуу жайларынын бири болуп эсептелет. Бул түзүлгөн келишимге ылайык бир эле ОшМУнун эмес, Ош шаарында жайгашкан башка ЖОЖдордун кызматкерлери, дегеле шаардыктар жана областтын тургундары үчүн да “Бахористон” санаторийине барып дарыланып эс алып келгенге мүмкүнчүлүктөр бар. Ош шаарынан 400 км аралыкта жайгашкан бул эс алуучу жайга Тажикстанга загранпаспорт менен гана визасыз кирип, Баткен шаары аркылуу салынган эң жакшы жол каттамы аркылуу 4-5 саатта жетүүгө болот. Өзүбүздүн кызматкерлерге ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан путевкалар жеңилдетилип берилет, башкача айтканда аныкталуу бөлүгүн биз төлөп беребиз. “Бахористон” санаторийине эс алууга барып Тажикстандын түндүк борбору Ходжент шаарына, анын спутниктери болгон Чкаловск, Гафуров шаарларына саякат жасоо, тажик элинин бүгүнкү жашоосу, маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүктөр бар” - дейт А.Аккулов. Автор: Нуралиева Зинагул Просмотров: 41
3283 15:39 13-11-2015

                 

Новости

|< 1 >|