Новости

Факультеттердин ортосундагы мобилдүүлүк/

2017-жылдын 28-февраль күнү юридика факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери теология факультетинде болуп кайтышты. Факультеттен барган делегация теология факультетинин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Андан соң семинардык темаларды угуу үчүн теология факультетинин конференция залында чогулушту. Ачылыш сөздү теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов, юридика факультетинин деканы Кулдышева Гүлсара, тарых факультетинин деканы Сыдык Смадияров жана Түркия мамлекетинин теология факультетиндеги өкүлү, декандын орун басары Ферхат Гөкче сөз сүйлөдү. Биринчи семинардык теманы Самаган Мырзаибраимов «Ислам дининде адам укугу» деген темада өтсө, экинчисин Али Жусубалиев «Кыргыздардын мусулмандашуу процесcи» деген темада өттү. Семинар суроо-жооп менен коштолуп, студенттер активдүү катышты. Соңунда келген конокторго теология факультети тарабынан басылып чыккан китептер белек кылынды.
2249 10:50 01-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 >|