Новости

Магистратурага чакыруу саамалыгы Физика-техника факультетинде

Физика-техника факультетинин жалпы физика жана физиканы окутуу методикасы кафедрасынын доценти М. М. Жуманова өз демилгеси менен кафедранын жана деканаттын макулдугунун негизинде, бүтүрүүчү физик студенттерди 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын «физика» профили боюнча магистратурага тартуу максатында, жалпы физика жана физиканы окутуу методикасы боюнча суроолорду камтыган тесттик тапшырмаларды түзүп, ФЕ(б)-1-13 тайпасынын магистратурада билим алууну каалаган студенттеринин арасында окуу жылынын аягында тестирлөө уюштурду. Жетиштүү упай топтогон 12 бүтүрүүчүгө факультеттин деканы доцент З. Ш. Айдарбековдун колу менен магистратурага жолдомо сертификаттар 12-июнь күнү тапшырылды.
2756 10:23 16-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|