Новости

Бүгүн 15-февралда юридика факультетинде "Адеп, ыйман жана маданият" жылына карата Ош областтык казыятынын кызматкерлери менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Ош областтык казыятынын иш башкаруучусу Жакыпов Абдыжапар жана анын жардамчысы Дүйшеев Надыр агайлар келишти. Бүгүнкү жолугушууда "Уяттуулук жана тарбия" аттуу тема талкууланды. Тема азыркы учурда актуалдуу болгондуктан угуучулар тарабынан суроолор көп берилип, коноктор тарабынан жооптор берилди. Ош областтык казыят юридика факультети менен кызматташууга даяр экенин билдиришип, факультеттин жамаатына ыраазычылыгын билдиришти.Ошол эле кезде факультеттин жетекчилиги казыят кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.
3174 15:07 15-02-2017

                 

Новости

|< >|