Ош мамлекеттик университетинде да бул интернет колдонуучулардын арасында жүрүп жаткан кооптуу оюндун алдын-алуу максатында бир топ иш мерчемдери кабыл алынып, студенттердин, окуучулардын арасында түшүндүрүү иштери аткарылууда. Учурда университеттин бардык факультет, колледж, лицейлеринде бул багытта куратордук сааттар өтүлүп, ата-энелер менен биргеликте түшүндүрүү иштери алып барылууда.
Ошондой эле учурда факульттерде студенттер менен психолог-педагогдордун, дин аалымдарынын, тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүлүп жатат. Жолугушууларда адистер студенттерге түшүндүү иштерин жүргүзүп, алардын психологиясына жараша кеп-кеңештер айтып, суроолоруна жооп беришүүдө. Бул багытта университеттин тарбия департаменти, декандын тарбия иштери боюнча боюнча орун басарлары, кураторлор, факультеттин жаштар комитеттери биргеликте иш алып барышууда. Ошондой эле студенттердин бош убактыларын туура пайдаланууну колго алуу максатында түрдүү тил курстары, атайын ийримдер иш жүргүзүүдө.