Аталган кубокто 17 өлкөнүн спортчулары биринчилик үчүн күрөшүшкөн. Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын командасы 1-орунду багындырышкан. Иран, Түркмөн, Азербайжан балбандары, финалда Беларусиялык балбан менен мелдешке чыгып жеңишке жетишкен Мамарасул кызы Алтынай мындан ары да билим алуу менен талыкпай эмгектенип Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде желбиретүүгө аракет кыларын билдирди.
Белгилей кетсек, Мамарасул кызы Алтынай Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон. Анын ийгиликтерин колдогон Ош мамлекеттик университети учурда келишимдик акысына 100 пайыздык жеңилдик берген.