Алардын катарында юридика факультетинин социалдык коргоо кафедрасынын башчысы Талайбек Жаркынбаев, ушул эле кафедранын улук окутуучусу Жазгул Жеенбекова, эл аралык медицина факультетинен Абсамат Саттаров, чет тилдер факультетинен Айгул Жороева, мамлекеттик тил кафедрасынан Зарина Абдышова, Назира Караева, финансы-юридикалык колледжинен Кутман Ашимов, Жылдызкан Акхунжанова, Гуланда Тойчубекова, бизнес жана менеджмент факультетинен Курманбек Исманалиев, Тимур Исраилов, медициналык колледжинен Жаркынай Шерматова, орус филологиясы факультетинен Чынара Токуровалар бар.
Учурда тажрыйба алып, билимин арттырып жаткан окутуучулардын айтымында алар тиешелүү предметтер боюнча билим алуу менен кытай тили, кытай маданияты боюнча да сабактарга катышууда. Ошондой эле кытай элинин тарыхый, кооз жайлары менен да таанышып жатышат.
Белгилей кетсек, 2015-2016-окуу жылында апрель айында ОшМУда эмгектенген 15 профессор Шанхайда болушуп, бир топ университеттеринде кызматташуу алкагында жолугушууларды өткөрүп келишкен. Ал эми июль айында 16 окутуучу Синьцзян педагогикалык университетинде тажрыйба алышкан. Ал эми студенттер, магистранттар жыл бою бир нече ирет Кытай Эл Республикасындагы бир топ окуу жайларында билим алып келишүүдө.