Новости

Кыргыз тили кылымдарды каарыткан. Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.

Бүгүн медицина факультетинде 23- сентрябрь “Мамлекеттик тил” күнүнө карата, Мамлекеттик тил кафедрасы,медицина факультетининин декандын тарбия иштери боюнча орун басары Ж.К.Жээнтаева тарабынан адабий музыкалык викториналык кече болуп өттү . Кечеге медицина факультетинин деканы баштаган деканат, кафедра башчылары жана мамлекеттик тил кафедрасынын профессордук окутуучулар жамааты студенттер катышып викториналык суроо жооп, мака-лакап оюну, чакан концерттик программа менен коштолуп, студенттер өздөрүнүн кыргыз эл жазучуларынын калемине жазылган ырлардан көркөм окушту. Кеченин максаты өсүп келе жаткан жаш мундарды патриоттука тарбиялоо, кыргыз тилин унутта калтырбоо.

Кеченин аягында медицина факультетинин деканы, профессор М.А. Арстанбеков катышуучуларда жалпы жамааты куттуктап студенттерге чакан белектерди тапшырды.

6964 12:20 21-09-2016

                 

Новости

|< >|