Аталган тренинге ОшМУнун факультет, колледждериндеги профессордук-окутуучулук курамынан 52 тайпалардын кураторлору катышууда. Тренинг тренер-консультанттар Лидия Шульгина жана Ташболот Жороевдер тарабынан жүргүзүлүп, анда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында маданийаралык билим берүү боюнча жаңы, интерактивдүү усулдар аркылуу маалыматтар берилип, кызыктуу сессиялар менен коштолууда.
Тренингдин негизги максаты Кыргызстандагы жаштар арасында адам укуктарынын бекемделишин жана улуттук жана маданий көп түрдүүлүк баалуулуктарын усулдук ресурстарды пайдалануу менен интерактивдүү билим берүү аркылуу жеткирүү болуп саналат. Тренерлердин билдиришинче бул долбоор алгачкы ирет апробациядан өткөрүлүп жатат.