Ош шаарынын ыйык Сулайман-Тоосунан башталган сапар Жалал-Абад областында улантылып, андан соң Талас областында болуп Манас атабыздын күмбөзүнө куран окушуп, “Манас ордо” комплекси менен таанышышты. Ушул эле иш чаранын алкагында Бишкек шаарындагы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде бейкүнөө шейит кеткен бабаларыбыздын, Кыргыздын залкар уулу Чынгыз Айтматовдун жана Апрель окуясынын баатырларынынын арбактарына арнап куран окушту. Мындай жергебиздин тарыхый, маанилүү жайларына болгон сапардан кийин студенттенр Ысык-Көлдөгү ОшМУнун «Үмүт» пансионатында үч күн эс алышты.
“Кербенге кошулган жаштар өлкөбүздүн башка аймактарындагы ыйык жерлерди көрүп, Мекендин бүтүндүгүн, ыйыктыгын сезсин, бул сезимдерин башка достору менен бөлүшсүн, аймактардын жаштары менен пикир алышып түшүнбөстүктөр жоюлсун, ынтымак чыңдалсын деген ой менен «Ынтымак кербени» жыл сайын уюштурулуп келет”-деди «Ынтымак кербенин» жетектеп барган ОшМУнун тарбия департаментинин директору З. Божонов.
““Ынтымак кербенинин” курамын "Эң мыкты жаштар комитеттери", "Жатаканалардын студенттик кеңештери", ОшМУ мырзасы”, “ОшМУ периси”, “ОшМУнун стилдүү студенти”, “ОшМУнун идеалдуу түгөйлөрү” сынактарынын катышуучулары, жаштар комитетинин мүчөлөрү жана жалпысынан алганда мыктынын мыктылары түздү. Максатыбыз студенттер мекенибиздин тарыхый жайлары менен таанышып, мекенибизге, университетибизге болгон сүйүү сезимдери ойгонуп, бири-бири менен достошуп, ынтымактын үлгүсүн көрсөтсө дейбиз”,- деди ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы А.Маткалыков.
Белгилей кетсек, бул иш-чара 4жылдан бери салтка айланып окуу жайдын жетекчилиги тарабынан демилгеленип уюштурулуп келүүдө.
(фотолор архивден алынды, жаңыртылат)