Новости

Искусство факультетинде кайрымдуулук кечеси болуп өттү

7-май күнү Искусство факультетинин концерттик залында кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Кайрымдуулук кече МУЗ-1-15 тайпасындагы Алиман Кадыровага арналды. Алиман жакынкы убактарда бутунан операция жасатуу алдында турат. Ошондуктан ОшМУнун ректораты жана факультеттин жамааты, студенттери да көңүл кош мамиле жасабастан керектүү акчалай жардамдарды беришти. ОшМУнун ректору, профессор К.Исаковдун буйругу менен бул стунденттин контрагын толугу менен ОшМУ өзү каржылап келет, бул да болсо чоң жардам. Ошондуктан ректоратка терең ыраазылык билдиребиз. Андан сырткары ректораттын ар бир мүчөсү өз жанынан акчалай жардамдарды көрсөтүштү. Ал эми ОшМУнун профсоюз комитетинин жетекчиси Абдыжапар Ураимович да акчалай жардам жана моралдык колдоо көрсөттү. Ушундай кайрымдуулукка терең маани берип колдоо көрсөткөн инсандар арабызда бар үчүн дүйнө сакталып жашоо уланууда демекчимин.
3549 10:08 08-05-2016

                 

Новости

|< >|